КОВАЛЕВСКАЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОВАЛЕ́ВСКАЯВская Софья Васильевна [3(15).1.1850-жылы тулган, Москва – 29.1(10.2). 1891, Стокгольм] – орус математиги, жазуучу ж-а публицист, аялдар­дан биринчи Петербург ИАга (1889) корреспендент- мүчө болгон. Ковалевская ар тараптуу билим алган. Ошол мез­гилде Петербург университетинде аялдар окууга укук­суз болгондуктан, белгилүү педагог А. Н. Стран­нолюбскийден математика боюнча өзүнчө окуган. Билимин өркүндөтүү үчүн Гейдельбергге (1869), андан Берлинге (1870) келген. Берлин университети да билим алууга уруксат бербегендиктен, 4 жыл бою К. Вейерштрасстан сабак алган. 1974-ж. Ковалевскаянын Вейерштрасс тарабынан көрсөтүлгөн үч эмгегине Гёттинген университети сырттан философия илиминин докторлук наамын ыйгарган. Ковалевская Рос­сияга (1874) кайтып келет, бирок 6 жыл бою Петербург университети орун бербегендиктен, илимий иштер­ден четтеп, адабий-публистикалык ишмердик м-н алекте­нет. 1881-ж. Берлинге, андан Парижге, 1883-ж. Россияга келет. 1883-жылдан өмүрүнүн акыры­на чейин Стокгольм (Швеция) университетинин приват­доценти, проф ессору (1884) болуп иштеген. 1888-ж. «Катуу нерсенин кыймылсыз чекиттин тегере­гинде айланышы жонундө маселесине» Париж, Швеция ИАнын сыйлыктары тапшырылган.
Ковалевская – «Нигилистика» повестинин (1884), «Бакыт үчүн күрөш» (1887) сыяктуу көптөгөн адабий чы­гармалардын автору.

Ад.: Кочина П. Я. С. В. Ковалевская. М., 1981.