КЛИШЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛИШЕ́ (французчча clicht) п о л и г р а ф и я д а – бийиктен (чыгыңкы) басуу ыкмасы менен сүрөт оригиналдарынын так көчүрмөсүн алууга даяр­далган басуу формасы. Так көчүрмөсү алына тур­ган оригиналдын мүнөзүнө жараша клише штрихтүү жана растрлуу болот. Штрихтүү клише сызык­тардан, бир түрдүү тартылган сүрөттөрдөн (ка­лем уч менен чийилген сүрөт, чийме) жасалат. Ал эми түрдүүчө тартылган сүрөттөрдөн (фотогра­фиядан, акварель, майлуу боёк менен) р а с т р ­л у у клише алынат. Клише жыгач (к. Ксилография), линолеум, цинк, латунь, жез жана пластмассага жасалат. Булардан цинктүү клише кеңири тарал­ган. Аны даярдоо үчүн адегенде сүрөттүн ориги­налы фотоплёнкага тартылат да, фотомеханикалык жол менен цинк пластинкасына (бетине жарык сезгич катмар сүйкөлгөн) көчүрүлөт. Андан химиялык жана электр-химиялык реакция аркылуу басылуучу эле­менттеринин ортосу ойдурулат. Жездүү клише даяр­доодо басылуучу элементтердин ортосундагы бош жер кол менен же хлордуу темир эритмесинде ой­дурулат. Клише электр гравюралык аппараттарда ылдам даярдалат. Бир клишеден 40–50 миң оттиск басылып алынат.