КЛАРНЕТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЛА́РНЕТ (латынча сlarus – ачык добуш) – жыгач­тан жасалган үйлөмө музыкалык аспап. Ал түтүкчө формасында болуп, каналынын узундугу 590–680 мм. Анын үнү үйлөгөндө тилченин термелүүсүнүн не­гизинде чыгат. Кларнет болжол менен биздин заманга чейин бир нече миң жыл мурда пайда болгон. Андан Индияга, Малайзияга, Евро­пага тараган. Кларнет 1700-жылы Нюрн­бергдик Й. К. Ден­нер тарабынан ө р к ү н д ө т ү л г ө н.


Азыркы кларнетте 20 капкакча, 7 көзөнөк бар. Кларнет үйлөмө жанаа симфониялык оркестрлерде, камералык ансамблдерде кол­донулат. Кларнет үчүн Й. Гайдн, В. Моцарт, XIX кылымда И. Мюллер, О. Буффе, Г. Клозе, Р. Вагнер жана И. Брамс көптөгөн чыгармаларды жаратышкан. XX кылымда кларнет аскердик жана үйлөмө аспаптар оркес­тринин, жаз жана башка ансамблдердин негизги аспап­тарынан болуп калды. Кыргызстанда Кыргыз ССРи­нин эмгек сиңирген артисти М. Мирахимов, В. Рахимов, М. Серажиддинов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери Э. Шаршенбаев жана башка кларнетчилер белгилүү.