КИСЕ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КИСЕ , т е к м а т – оттук, кын, окчонтой, бат атар, баштык, кестик, кылыч жана башка салынуучу, курга боосунан бекитилип же илинип коюучу тегерек кутуча түрүндөгү баштык. Ал күмүш чабылып, кайыштан, булгаарыдан 3–4 эли (5–7 см) жазылыкта, узундугу курчанчу адамдын белине чакталып, кооздолуп жасалган.

Мурдагы көчмөнчүлүк, жоокерчилик турмушта кисе өтө зарыл буюм болуп эсептелген. Жакшы зергерлер жасаган киселер баалуу мүлк катары атадан балага мурас болуп калган. Патрон, пистон, ширеңкенин пайда болушу менен кисенин мааниси төмөндөгөн.