КИСЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИСЕ , т е к м а т – оттук, кын, окчонтой, бат атар, баштык, кестик, кылыч жана башка салынуу­чу, курга боосунан бекитилип же илинип коюу­чу тегерек кутуча түрүндөгү баштык. Ал күмүш чабылып, кайыш­тан, булгаарыдан 3–4 эли (5–7 см) жазылыкта, узундугу курчанчу адамдын белине чакталып, кооздолуп жасал­ган.

Мурдагы көч­мөнчүлүк, жоокерчилик турмушта кисе өтө зарыл буюм болуп эсептелген. Жакшы зергерлер жа­саган киселер баалуу мүлк катары атадан балага мурас болуп калган. Патрон, пистон, ширеңке­нин пайда болушу менен кисенин мааниси төмөн­дөгөн.