КИНЕМАТИКА
КИНЕМА́ТИКА (гр. kinematos – кыймыл) – механиканын бөлүмү; мында нерсенин кыймылынын геометриялык касиеттери нерсенин массасын ж-а ага аракеттенүүчү күчтү эсепке албай эле изилденет. Кинематикада ар кандай объектилердин кыймылы башка нерсеге (эсептөө системасынын) башталышына салыштырылып изилденет. Кинематика нерсе м-н эсептөө системасын баштоону [х, у, z окторун] байланыштырып, ар кандай убакытта кыймылдаган нерсенин касиеттерине жараша: 1) чекиттин ж-а катуу заттын кинематикасы; 2) деформациялануучу бөлүкчөнүн ж-а үзгүлтүксүз чөйрөнүн (катуу заттын, суюктуктун, газдын) кинематикасы болуп бөлүнөт. Кинематика берилген эсептөө системасын баштоодо салыштырмалуу чекиттин же нерсенин кыймылын математикалык теңдемелердин, графиктердин жардамы м-н туюнтуп, кыймылдын траекториясын, ылдамдыгын, ылдамдануусун ж. б. физикалык чоңдуктарын аныктайт; чекиттин ж-а нерсенин кыймылынын теңдемеси же графиги, таблицасы белгилүү болсо, анын кыймыл закону белгилүү болот. Алга жылуу кыймылынын закону S= f(t) теңдемеси м-н берилет, мында S – аралык, t – убакыт. Кыймылдагы нерсенин негизги кинематикалык чоңдуктары ылдамдык ж-а ылдамдануу. Айлануу кыймылында нерсенин абалы айлануу бурчу \jJ м-н аныкталып, кыймыл закону – <p(t) теңдеме түрүндө берилет. Бирөө шарт боюнча кыймылсыз, экинчиси биринчиге карата белгилүү кыймылда болгон эки же андан көп эсептөө системасынын баштоосу аркылуу аныкталуучу кыймыл чекиттин же нерсенин татаал кыймылы деп аталат. Татаал кыймылдын кинематикасы нерсенин абсолюттук ж-а салыштырма кыймылдарынын мүнөздөмөлөрү м-н эсептөө системасын баштоо кыймыл мүнөздөмөлөрүнүн ортосундагы көз карандылыктарды аныктайт.
Ад.: Бухгольц Н. Н. Основной курс теоретической механики, ч. 1–2. М., 1972.