КИНГСТАУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИ́НГСТАУН – Сент-Винсент ж-а Гренадина мам­лекетинин борбору, шаар. Сент-Жорж округу-

Шаар көрүнүшү.

нун административдик борбору. Кариб деңизиндеги Кингстаун булуңунун жээгинде, Сент-В инсент аралынын түштүгүндө жайгашкан. Калкы 16,6 миң (2008). Порт. Эл аралык аэропорту бар. Автомобиль жолдору өлкөнүн башка шаарлары м-н байла­ныштырат. Шарлотт форту (18-кылым), Ыйык Ма­рия собору (19-кылым) сакталган. Бишопа менчик коллежи (1963), улуттук музей, стадион бар. Бо­таникалык бак (1765; Батыш жарым шардагы эң эски тропикалык өсүмдүктөрдүн коллекциясы өстүрү­лөт) уюштурулган. Айыл чарба продуктулары иште­тилет. Өлкөнүн башкы соода-финансы борбору. Туризм өнүккөн.