КЕРЕТАРО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕРЕ́ТАРО , С а н т ь я г о - д е - К е р е т а р о – Мексиканын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Керетаро штатынын административдик борбору. Калкы 658,2 миң (2008; шаар агломерациясында 978,7 миң). Керетаро аркы­луу маанилүү федерация трассалары өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Байыркы индейлер шаа­ры. Ацтектер мамлекетинин курамына кирген. 1655-жылдан шаар статусуна ээ. 1726-жылы акве­дук курулган (1970-жылга чейин иштеген). Барок­ко стилиндеги кооз жасалгаланган ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (Ла-Крус, 1682; Сан- Франсиско, 16–17-кылымдар, ж. б.), классицизм стилин­деги Санта-Тереса чиркөөсү (1803–07), театр ж. б. сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнө­лүк мурастын тизмесине кирген. Мексиканын ири экономикалык борбору. Мигранттардын эсебинен өнү­гүүдө. Бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарты бар шаарлардын катарына кирет (Латын Америка­сында 5-, өлкөдө 2-орунда). Машина ж-а ста­нок куруу, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жайы үчүн


Сен-Фелипе-Нер и собору. 1786–1804.

жабдуу, химия (полиэтилен, пластика идиште­ри), текстиль, тиричилик, айыл чарба техникалары өндүрүштөрү иштейт. 2008-жылы канадалык «Bombardier» компаниясынын ишканасы (са­молёттор үчүн тетиктер) расмий түрдө ачылган. Керетародо мексикалык ж-а чет өлкөлүк компа­ниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, институттар, бир нече музей бар. Керетарого жа­кын жерде Коррехидоре (Эль-Пуэблито, 1-миң жылдыктын 2-жарымы) пирамидасы, Сан-Паб­ло монастыры (1550–66) сакталган.