КЕРЕТАРО
КЕРЕ́ТАРО , С а н т ь я г о - д е - К е р е т а р о – Мексиканын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Керетаро штатынын административдик борбору. Калкы 658,2 миң (2008; шаар агломерациясында 978,7 миң). Керетаро аркылуу маанилүү федерация трассалары өтөт. Эл аралык аэропорту бар. Байыркы индейлер шаары. Ацтектер мамлекетинин курамына кирген. 1655-жылдан шаар статусуна ээ. 1726-жылы акведук курулган (1970-жылга чейин иштеген). Барокко стилиндеги кооз жасалгаланган ак сарайлар, чиркөөлөр, монастырлар (Ла-Крус, 1682; Сан- Франсиско, 16–17-кылымдар, ж. б.), классицизм стилиндеги Санта-Тереса чиркөөсү (1803–07), театр ж. б. сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Мексиканын ири экономикалык борбору. Мигранттардын эсебинен өнүгүүдө. Бизнести өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарты бар шаарлардын катарына кирет (Латын Америкасында 5-, өлкөдө 2-орунда). Машина ж-а станок куруу, металл иштетүү, тамак-аш өнөр жайы үчүн

жабдуу, химия (полиэтилен, пластика идиштери), текстиль, тиричилик, айыл чарба техникалары өндүрүштөрү иштейт. 2008-жылы канадалык «Bombardier» компаниясынын ишканасы (самолёттор үчүн тетиктер) расмий түрдө ачылган. Керетародо мексикалык ж-а чет өлкөлүк компаниялардын штаб-квартиралары жайгашкан. Университеттер, институттар, бир нече музей бар. Керетарого жакын жерде Коррехидоре (Эль-Пуэблито, 1-миң жылдыктын 2-жарымы) пирамидасы, Сан-Пабло монастыры (1550–66) сакталган.