КЕНГУРУ СЫМАЛДАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕНГУРУ́ СЫМАЛДАР (Macropodidae) – баштыкчан сүт эмүүчүлөрдүн тукуму. Дене узундугу 25–160 см, куйругу 15–105 см, салмагы 1,4–90 кг.

Арткы буту алдыңкысынан узун ж-а күчтүү; 1-манжасы жок, 2- ж-а 3-манжалары жаргакча м-н бириккен. Секиргенде куйругу тең салмактуулукту сактап, тынч турганда таяныч катары кызмат аткарат. Карыны татаал түзүлүштө, көп камералуу. Өсүмдүк м-н азыктанат. Азыгын кулгуп кепшейт. 15–17 уруусу, 55тей түрү Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинея, Бисмарк архипелагында таралган. Жерде секирип жүрөт.
Жылына бир жолу бирди (чанда 2) тууп, 6–8 ай баштыгында алып жүрүп, жетилтет. Айрым түрүнө эти, териси үчүн мергенчилик кылынат, фермаларда өстүрүлөт. Азайып кеткендиктен, 9 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.