КЕНГУРУ СЫМАЛДАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЕНГУРУ́ СЫМАЛДАР (Macropodidae) – баш­тыкчан сүт эмүүчүлөрдүн тукуму. Дене узундугу 25–160 см, куйругу 15–105 см, салмагы 1,4–90 кг.


Кенгурулар: 1 – тем­гилдүү кенгуру; 2 – боз кенгуру.

Арткы буту алдыңкысынан узун ж-а күчтүү; 1-манжасы жок, 2- ж-а 3-манжалары жаргакча м-н бириккен. Секиргенде куйругу тең салмак­туулукту сактап, тынч турганда таяныч ката­ры кызмат аткарат. Карыны татаал түзүлүштө, көп камералуу. Өсүмдүк м-н азыктанат. Азы­гын кулгуп кепшейт. 15–17 уруусу, 55тей түрү Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинея, Бисмарк архипелагында таралган. Жерде секирип жүрөт.
Жылына бир жолу бирди (чанда 2) тууп, 6–8 ай баштыгында алып жүрүп, жетилтет. Айрым түрүнө эти, териси үчүн мергенчилик кылынат, фермаларда өстүрүлөт. Азайып кеткендиктен, 9 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.