КЕГЕТИ АШУУСУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЕГЕТИ АШУУСУ Кыргыз Ала-Тоосунда, Кегети (Чүйдүн сол куймасы) ж-а Чыгыш Каракол (Кочкордун сол куймасы) сууларынын башынан орун алган. Бийиктиги 3702 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 400–500 м. Капталдары тик. Ашуу девон-карбондун кумдук, катмарлуу конгломерат, сланец, мергель тектеринен турат. Чүй өрөөнүнөн Ийри-Суу ж-а Суусамыр жайлоолоруна мал ашырылат. Кыш мезгилинде кар калың жаап, 2–3 ай ашуу жабылат.