КАРШИ ТАЛААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШИ́ ТАЛААСЫ – Орто Азиянынын түштү­гүндөгү (Өзбек Республикасындагы) күдүрлүү түздүк, Каш­ка-Дарыя облусунда. Чыгышынан Заравшан ж-а Ысар кырка тоолорунун этектери, батышынан Сандык кумдуу чөлү м-н чектешет. Бийиктиги 600 мге чейин. Климаты кургак, жылдык жаан­-чачыны 200–400 мм. Кашка-Дарыя ж-а Карши сугат каналы м-н сугарылат. Шыбак-баялыш­туу өсүмдүктөр басымдуу. Дан эгиндер, пахта эгилет. Чыгыш бөлүгүндө Карши шаары жай­гашкан.