КАРТРИЖ ДИСК
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КА́РТРИЖ ДИСК (англ. cartridges – картридж) – компьютерден ажыратууга мүмкүн болгон катуу дисктин кээ бир тейлегичи. Картриж диск катуу диск сыяктуу сактоо көлөмү чоң ж-а тез жетүүнү камсыз кылат. Ошону менен катар флоппи диск сыяктуу портативдүү өндүрүмдүүлүгү жогору болгон картриж дисктери бир гигабайттан ашык берилишти сактай алат ж-а чоң файлды транспорттоо же маанилүү файлдын көчүрмөсүн сактоодо колдонулат. Иштин аягында картриж дискти алып койсо болот.