КАРЛЫГАЧТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЛЫГАЧТАР (Apodes) – карлыгач сымал­дар (узун канаттуулар) түркүмүндөгү куштар түркүмчөсү. Дене түзүлүшү чабалекейге окшош, ача куйруктуу. Тумшугу кичине, оозу чоң, бут­тары кыска, манжалары бутакты кармай ал­байт. Күчтүү тырмагы м-н жарга жарма­шып, жашайт. Канаты узун, ичке, тез учат. Ши­лекей бездери жакшы өөрчүгөн. Шилекейинин жардамы м-н уя салат (жабышкак зат). Дүй­нөдө 2 тукумунун (накта ж-а үрпөк карлыгачтар), 8 уруусу, 86 түрү бар. КМШ өлкөлөрүндө 5, Кыргызстанда 2 түрү кезигет. Түндүктөн башка бардык жерде таралган. Аска, жар коңулдарына, үй чатырына, морго, үңкүргө уялайт. 1–6 жумуртка тууп, эркек, ур-


гаачысы 20 күн басып чыгарып, балапанын ба­гат. Келгин куш. Көбүн­чө ачык талаада, тоодо жашайт. Учуп жүрүп май­да чымын, чиркей, курт­-кумурска м-н азыкта­нып, айыл чарбага пайда кел­тирет.