КАРАТАЕВ Мадаминжан

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(КАРАТАЕВ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАТАЕВ Мадаминжан Мусаевич (12. 8. 1962-жылы туулган, Ош облусу, Араван району, Тепе-Коргон айы­лы) – медицина илимдеринин доктору (2001), профессор (2002). КРдин илимине эмгек сиңирген ишмер (2009). КММИни (1986), ошол эле институтта аспирантура­ны бүтүргөн. КРдин саламаттык сактоо ми­нистрлигинде жетектөөчү адис (1988–93), Чүй облустук саламаттык сактоо борборунун дирек­тору, «Манас» улуттук программа долбоорунда эксперт (1988–95), КРдин саламаттык сактоо министрлигинин координация ж-а реформалоо башкы башкармалыгынын координатору ж-а башчысынын 1-орун басары (1995–2000), Кыр­гыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо ж-а адистикти жогорулатуу институтунда проректор (2000). 2005–10-жылдарда КРдин саламаттык сактоо министринин орун басары, 2010-жылдан КММАда профессор. Медициналык статистика ж-а саламаттык сактоо экономика­сы боюнча адис. 140тан ашык илимий эмгеги, анын ичинде 5 монография, 20 окуу-методикалык куралы бар.

Эмг.: Финансирование здравоохранение Кыргыз­стана в условиях перехода к рыночной экономике (в соавторстве). Б., 2000; Методология организации профилактической работы среди женщин репродук­тивного возраста (в соавторстве). Б., 2001.