КАРАГОО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРАГОО – Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы кыштак. Ак-Терек айыл округуна караштуу. Балыкчы – Каракол автомобиль жолунун боюн­да, деңиз деңгээлинен 1750 м бийикте жайгашкан. Ра­йондун борбору Бөкөнбаев кыштагынан 33 км ба­тыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 57 км. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 3731 (2022); негизинен мал м-н алектенет. Орто мектеп, ки­тепкана, клуб бар. Оорукана, төрөт үйү, тур­муш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.