КАРА-СУУ СЛЮДА КЕНИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-СУУ СЛЮДА́ КЕНИ Баткен облусунун Лейлек районунда, Исфана шаарынан 45–50 км, Кара-Суу суусунун өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 2900–4000 м бийикте. 1950-жылы чалгындалган. Силур мезгилиндеги кристаллдуу сланецтерден 360 пегматит тарамы аныкталган. Тарамдардын узундугу 50–1500 м, орточо калыңдыгы 4–5 мден 20 мге чейин. Пегматиттердин курамы шерл-мусковиттүү, мусковиттүү ж-а берилл-мусковиттүү. Тарамдардын тулкусунда слюданын өлчөмү 17,2 кг/м3, майдаланган слюданын орт. өлчөмү 2,2 кг/м3. Слюданын ажыроосу канааттандырарлык. Кен 1952-жылга чейин иштетилип, 697,42 т слюда казып алынган. Слюданын запасы С1 – 2315 т , С2 – 510 т . 1997-жылга карата баланстагы запасы С1 – 836 т , С2 – 596 т .