КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ
КАРА-САЙ ӨРӨӨНҮ Нарын дарыясынын жогорку алабында. Түндүгүнөн Кызыл-Эшменин байыркы морена кырлары, чыгышынан Ак-Шыйрак, түштүгүнөн Борколдой кырка тоолору м-н чектешет. Жети-Өгүз районунун аймагында жайгашкан. Аянты 854 км2, чыгыштан батышка 61 кмге созулат. Туурасы 1–9 км. Бийиктиги 3200–4000 м. Таманы төртүнчүлүк мезгилинин борпоң чөкмө тектери м-н капталган. Жогорку бөлүгү мореналуу тепши сымал; ортосу тар эрозиялык, төмөнкү бөлүгү жайылган кашаттуу. Орто бөлүгүнүн сол жээги (узундугу 15–20 км, туурасы 1–1,5 км) борпоң майда кум катмары м-н капталып, аян-

ты барган сайын кеңейүүдө. Климаты континенттик. Январдын орточо темп-ратурасы –21°С, июлдуку 4–9°С. Жылдык жаан-чачыны 186 мм. Шамал көбүнчө батыштан согот. Өрөөндүн башында Түндүк Кара-Сай (аянты 46,5 км2, узундугу 12 км, туурасы 1–1,5 км) ж-а Түштүк Кара-Сай (аянты 17,2 км2, узундугу 4 км), туурасы 1 км өрөөн мөңгүлөрү, сол өндүрүндө аянты 3,8 км2 келген асылма мөңгүлөр жатат. Өрөөн аркылуу Кара-Сай суусу агат. Жогорку ж-а ортоңку бөлүгүндө булактар, саз ж-а майда көлдөр кездешет. Шалбаалуу субальп (шимүүр, тогуз төбөл, суйсаң, чыйпылдак, чекилдек, каз таман, ак сокто, бетеге жер жаздык, тоо сойгок, кымыздык, доңуз сырты ж. б.) бийик тоолуу ландшафттары мүнөздүү. Өрөөндө Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун малы багылат. Автомобиль жолу аркылуу Ысык-Көл ойдуңу м-н байланышат. Барскон – Ак-Шыйрак электр зымы өтөт.