КАРА-МОЙНОК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-МОЙНОК – Нарын облусунун Кочкор районун­дагы кыштак. Кара-Суу айыл округуна ка­раштуу. Каракол суусунун боюнда деңиз деңгээлинен 2300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 51 км батыш тарапта. Балык­чы темир жол бекетинен 111 км. Калкы 1139 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбала­рында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП бар.