КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-КУЛЖА МИНЕРАЛДУУ СУУСУ– дары­ланууга ж-а ичүүгө жарамдуу муздак суу була­гы. Ош облусунун Кара-Кулжа районунда, Кара-Кул­жа суусунун оң өйүзүндө, Муз-Төр ж-а Уйгум сууларынын аралыгында. Деңиз деңгээлинен 2700–2900 м бийикте. Булак жергиликтүү элге илгертен бел­гилүү. 1953-жылы геологиялык маалымат берилген. Аймак­ты карбон мезгилинде пайда болгон кумдук, сланец, акиташ теги түзөт. Бул тектер бүктө­лүүгө учурап, ири антиклиналдуу түзүлүштү пай­да кылган. Булак антиклиналдуу бүктөлүштүн түндүк канатындагы тектоникалык жаракадан агып чы­гат. Суу тунук, көмүр кычкыл газдуу, бир аз туз даамданат. Температурасы 8–9°С. Курамы боюнча гид­рокарбонат-хлорит-натрийлүү. Дебити 1 л/сек. Ичеги-карын ооруларын дарылоого болот.