КАРА-БУУРА ӨРӨӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРА-БУУРА ӨРӨӨНҮ Талас Ала-Тоосунун түндүк капталында, Кара-Буура районунун аймагында, Кара-Сай ойдуңу жайгашкан бийик тоо өрөөнү. Узундугу 60 км, эң жазы жери 2–3 км, кууш жери 0,5–1 км. Таманынын ооз тарабы 1400 м, төрү 3000 м бийикте жайгашкан. Таманы Шилбили суусунун чатына чейин төртүнчүлүк мезгилдин борпоң тектерине толгон. Гранит, гранит-диорит интрузия тектеринен турган бийик бөлүгү терең тилмеленген. Кургак талаа ж-а талаа, сейрек арча-бадалдуу шалбаалуу талаа ландшафты басымдуу. Капчыгай аркылуу Талас ж-а Чаткал өрөөндөрүн байланыштырган автомобиль жолу өтөт.