КАРА-АЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРА-АЧА , К а л и н и н – Жалал-Абад облусу­нун Базар-Коргон районундагы кыштак. Беш- Бадам айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 815 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Базар-Коргон кыштагынан 8 км түндүк-чыгыш тарап­та. Жалал-Абад темир жол бекетинен 36 км. Кыш­так 1900-жылы негизделген. Калкы 2485 (2008); не­гизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана ж-а мечит бар. Турмуш-ти­ричилик кызматынын бөлүмдөрү, ФАП иш­тейт.