КАПИТАЛИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАПИТАЛИ́ЗМ – жеке менчик ишканалардын ортосунда рынок атаандаштыгына негизделген экономикалык система. Коомдук ой-пикир боюнча капитализм – эр­кин ишкердик системасы, индустриялык коом­дун өнүгүү баскычы. Бүгүнкү күнү капитализм – «аралаш экономика», «постиндустриялык коом», «маа­лымат коому» ж. б.; марксизмде капитализм – өндүрүш каражаттары жеке менчикке, ал эми жалдан­ма эмгек капиталдын эзүүсүнө негизделген коом­дук экономикалык формация. Мындай коомдук түзүлүшкө (капиталисттер м-н жумушчулардын ортосунда­гы) ички карама-каршылык мүнөздүү. Капитализм фео­дализм мезгилинде экономикалык, социалдык, саясий ж-а маданий өбөлгөлөрдүн негизинде жаралган.
Алгач 14–15-кылымдарда Италиянын ж-а Голландия­нын шаарларында капитализмдин белгилери пайда бо­луп, 16-кылымда Европада капитализм чыңдалган. Мануфак­турадан ири машина өндүрүшүнө өтүү м-н өнөр жай төңкөрүшүнүн негизи түзүлгөн. Рынок атаандаш­тыгынын механизми капиталды көбөйтүү ж-а киреше алуу үчүн өндүрүштү өркүндөтүүгө маж­бур кылган. Бул өндүргүч күчтөрдүн өсүшүнө, илим м-н техникада тынымсыз төңкөрүштөрдү жасоого көмөк берип, капиталисттик өндүрүш­түн коомдоштурулушун, эмгектин бөлүштүрү­лүшүнүн тереңдешин шарттайт. Капитализмдин өнүгүшү 5 негизги этапка бөлүнөт: б и р и н ч и э т а п (17-кылымдын ортосу – 18-кылымдын аягы) – капитализмдин ма­нуфактуралык стадиясы эркин атаандаштык­тын өнүгүшү м-н коштолот. Эркин атаандаш­тык Улуу Британияда өнүгүп, 18-кылымдын аягы – 19-кылымдын башында өнөр жай төңкөрүшү (мануфак­турадан фабрикага өтүү) ишке ашкан; э к и н ­ч и э т а п (18-кылымдын аягы – 19-кылымдын аягы) –ири машина индустриясы пайда болот. Социал­дык мамиле ж-а саясий-экономикалык трансформация үчүн жаңы технологиялык укладдын өнүгүшү ин­дустриялык өндүрүшкө жол ачкан; ү ч ү н ч ү э т а п (19-кылымдын аягы – 20-кылымдын 1-жарымы) капитализмдин өнүгүшүндө атаандаштыктын жаңы фор­малары пайда болот ж-а монополисттик уклад­дын үстөмдүгү м-н мүнөздөлөт. Монополисттик капитал колуна ири материалдык ж-а финан­сылык ресурстарды топтоп, сырьё булактарын ж-а рынокторду басып алуу үчүн күрөшүп, атаан­даштарын жоготот; т ө р т ү н ч ү э т а п (1930–70-жылдар) капитализм эволюциясы – анын та­мыры трансформациялана баштаган. Буга 1929–33-жылдардагы дүйнөлүк кризис ж-а 2-дүй­нөлүк согуштан кийин түзүлгөн экономикалык абал түрт­кү болгон. Натыйжада капитализмдин жаңы техника­-технологиялык, тармактык, уюштуруучу-өндүрүштүк, башкаруучулук, социалдык-экономикалык моделдери тү­зүлгөн. Мамлекеттик экономикалык жөнгө салуунун функ­циялары ж-а формалары өзгөргөн. Экономика­ны, элди жумуш м-н камсыздоо ж. б. процесс­терди стабилдештирүү үчүн бюджеттик-финан­сылык ж-а насыя-акча саясатынын куралдары колдонулган; б е ш и н ч и э т а п капитализмдин өнүгүшүндө индустриялык система калыптанып, 1970-жылдары демография, энергетика, сырьё, азык-түлүк ж-а экологиялык кризистер башталган. Кризистерден чыгыш үчүн индустриялык коом­дон постиндустриялык коомго өтүү процесси башталган. Бул процесстин негизи – маалы­маттык-коммуникациялык революция м-н байла­нышкан өндүрүштү жаңы технологиялык жолдор м-н өнүктүрүү.



Ад.: Маркс К. Капитал. М., 1988–1989. Т. 1–3; Уильмсон У. О. Экономические институты капитализма.

СПб., 1996; Гэлбрейт Д. К. Новое индустриальное общество. М., 2004; Фридман М. Капитализм и свобода. М., 2006; Норберг Ю. В защиту глобального капитализма. М., 2007.