КАМСЫЗДАНДЫРУУ
КАМСЫЗДАНДЫРУУ – экономикалык мамилелердин бир түрү. Камсыздандыруу – каражаттарынан жаратылыш ж-а башка кырсыктардын кесепетинен келип чыккан зыяндын ордун толтуруучу ж-а акча суммасын төлөп берүүчү акча -- камсыздандыруу фондун түзүү боюнча иш-чаралар системасы. Камсыздандырууда эки тарап болууга тийиш. Анын бири акча фондун түзүүчү ж-а пайдалануучу атайын уюм, экинчи тарап – юридикалык жак же жеке адам ж-а ошол фондго белгиленген төлөмдөрдү төлөөчү камсыздандыруучу. Камсыздандыруучу уюм м-н камсыздандыруучунун ортосундагы мамиле келишимдин негизинде түзүлөт. Камсыздандыруунун ыктыярдуу ж-а милдеттүү деген эки түрү болот. Биринчи түрү камсыздандыруучунун өз демилгеси м-н, экинчиси өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарынын негизинде ишке ашырылат. Мүлктү, коммерциялык тобокелчиликти, адамдардын өмүрүн камсыздандыруу деп бөлүнөт. Коммерциялык камсыздандыруу компаниялары (уюмдар) камсыздандыруу операцияларынан пайда табууну көздөшөт.