КАЛЧА СЕЛЕНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛЧА СЕЛЕНИ́Т КЕНИ Баткен районунда, Кал­ча кыштагынан 4–6 км чыгышта, Түркстан кырка тоосунун түндүк этегинде. 1970-жылы табылып, 1972-жылга чейин чалгындалган. Кен аймагын палеоген мез­гилинде пайда болгон кумдук, чопо, акиташ тектери түзөт. Селенит кызгылтым, мала кы­зыл түстө, була сымал майда кристаллдардан турат, калыңдыгы 30–35 м болгон акиташ те­гинин арасында линза, уя түрүндө кездешет. Катмардан калыңдыгы 20 смге жеткен 20га жа­кын селенит линзасы табылган. Запасы 10 млн тдай. Кооз буюмдарды жасаса болот.