КАЛМАК-ДӨБӨ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛМАК-ДӨБӨ – биздин заманга чейинки 1-миң жылдыкка таандык көрүстөндөр. Кыргызстандын бардык аймактарында кездешип, жергиликтүү элде Калмак-Дөбө деген ат менен белгилүү.

Аталышы калмактарга байланыштуу болгону менен эстелик байыркы коомго таандык болуп, калмактарга эч тиешеси жок экендиги маалым. Эл ичинде Калмак- Дөбөдөн башка «Калмак-Арык» деп аталган бийик тектирге суу чыгарчу арыктар да белгилүү. Жогорудагыдай эле алар да мезгили жагынан кыйла улуу келип, калмактарга эч байланышы жок. Калмак-Дөбө деп аталган жерлер сак дооруна таандык көлөмдүү көрүстөн жайгашкан жерлер менен байланыштуу.
К. Табалдиев.