КАЛИФОРНИЙ
КАЛИФО́РНИЙ (лат. Californium), Сf – элементтердин мезгилдик системасынын 7-мезгилинин 10-катарынын III тобунан орун алган жасалма жол м-н алынган радиоактивдүү химиялык элемент, актиониддерге кирет. Атомдук номери 98, атмосфералык массасы 251. Калифорнийдин 17 радиоактивдүү изотобу белгилүү, алардын ичинен бир кыйла туруктуусу – 251Cf. Калифорнийди 1950-жылы америкалык илимпоздор Г. Сиборг, С. Томпсон ж-а А. Гиорсо кюрий элементинен ядролук реакциянын негизинде алышкан ж-а элементти ачылган жердин атынан (Калифорния штаты, АКШ) аташкан. Калифорний – ак металл; эрүү t 986°С; бирикмелеринде +2, +3, +4, +5 ж-а +6 кычкылдануу даражасын көрсөтөт. Калифорний кычкылы Cf2O3, оксихлориди Cf2OCl ж-а калифорнийдин нитраттары, сульфаттары, галогениддери сууда эрийт. Калифорний атомдук реактордо ядролук реакцияларды изилдөөдө, плутонийди алууда колдонулат.