КАЛИЙЛҮҮ ТАЛАА ШПАТЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЛИЙЛҮҮ ТАЛАА ШПАТЫ – минерал. Химиялык курамы KAl3O8. Өз ичинен микроклин ж-а ортоклаз болуп эки түргө бөлүнөт. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6–6,5. Салыштырма салм. 2,54–2,57. Микроклин кызыл, чийкил кызыл, ортоклаз ак, саргыч, кызгылтым боз болот. Жаратылышта кеңири тараган минерал. Гранит, пегматит тектеринин курамына кирет. Карапа өнөр жайында, кээде курулуш ишинде колдонулат. Айрым түрлөрү (амозонит ж. б.) асыл таштардын катарына кирет.