КАЛДАҢ СЕРЕН
КАЛДАҢ СЕРЕН, Галдан Цэрэн (моңголчо Galdan Seren, 1693–1745) – жуңгар ханы (1727–1745), Цеван Рабдан коңтаажынын уулу. Атасынын агрессивдүү саясатын улантып, түштүк- батыш, батыш, түндүк-батыш тарабындагы кыргыз, казактарга кол салып [кара: Жуңгар хандыгы, Кыргыз-калмак (ойрот) согуштары], Цин империясы менен мамилеси курчуп, 1729-жылдан 1737-жылга чейин аларга каршы бир нече ири жүрүштөргө чыгып, көптөгөн жеңиштерге жеткен жана чек аранын чегин аныктоо боюнча Жуңгар хандыгына пайдалуу шартта тынчтык келишимин түзүүгө жетишкен. Калдаң Серендин тушунда калмактар Кетмен-Төбөдөгү кыргыздарга жүрүш жасап (1732), «анжияндык» кыргыздарды убактылуу багындырып, Ташкент шаарын басып алган (1734). Улуу уулу Олоң (Лама) Доржу жана Сейтен нойондун колу Наманган, Кайнар, Коконду курчоого алып, Ташкент шаарын кайра караткан (1742–1745). Калдаң Серен өлгөндөн кийин бийликке кичүү уулу, 13 жаштагы Ажа (Аджа- Намджил-Цэван-Доржу хан, 1745–1750) келген. Анын такка ээ болушу менен Жуңгар хандыгындагы саясий-экономикалык кризистер күчөп, көп узабай бул хандык жоюлган. Ал учурлар кыргыз санжырасында «он сан ойрот бузулганда» деп айтылып калган.
Ад.: Златкин И. Я. История Джунгарского ханства (1635–1758 гг.). 2-е изд. М., 1983; Моисеев В. А. Джунгарское ханство и казахи. А., 1991; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. 1-том. Б., 1993; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995.