КАЙЫҢДЫ ГРАНИТ КЕНИ
КАЙЫҢДЫ ГРАНИ́Т КЕНИ Талас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 2 км түштүк тарапта, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Сөгөттү ж-а Кичи Кайыңды сууларынын аралыгында, деңиз деңгээлинен 1300–1370 м бийикте. 1979-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кендин аймагын ордовик мезгилинде жиреп чыккан диорит, гранодиорит ж-а силурдун гранит интрузиясы түзөт. Кен бири биринен 150–200 м аралыкта жайгашкан эки участкага бөлүнөт. Биринчиси алгачкы ордовик мезгилиндеги боз түстүү гранодиорит комплексинен, экинчиси силур мезгилиндеги кызгылт түстүү гранит комплексинен турат. Физикалык-механикалык касиеттери боюнча гранодиорит м-н гранит дубалдын ичи-тышын кооздоп каптоого жарамдуу. Блоктордун чыгышы 62%, көлөмү 10–20 м3, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Тактанын чыгышы: калыңдыгы 30 мм болгондо 13,1 м2/м3, 40 ммде 9,9–10,22 м2/м3. Боз гранодиориттин А категориясы боюнча запасы 1259 миң м3, В –1499 миң м3, 3 С1–1776 миң м , А+В+С1– 4534 миң м ; кызгылт граниттики А – 452 миң м3, В – 1551 миң м3, С – 2548,6 миң м3, А+В+С –4551,6 миң м3. Бардыгы 10085 миң м3. Кен казылып алынууда. 1996- жылга карата запасы: боз гранодиориттики – А+В+С – 4453 миң м3, кызгылт граниттики – А+В+С – 4416 миң м3.