КАЙЫҢДЫ ГРАНИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙЫҢДЫ ГРАНИ́Т КЕНИ Талас облусунун Кара-Буура районунда, Арал кыштагынан 2 км түштүк тарап­та, Кыргыз Ала-Тоосунун түштүк капталындагы Сөгөттү ж-а Кичи Кайыңды сууларынын аралы­гында, деңиз деңгээлинен 1300–1370 м бийикте. 1979-жылы Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындаган. Кендин аймагын ордовик мезгилинде жиреп чыккан диорит, гранодиорит ж-а силурдун гра­нит интрузиясы түзөт. Кен бири биринен 150–200 м аралыкта жайгашкан эки участкага бөлүнөт. Биринчиси алгачкы ордовик мезгилин­деги боз түстүү гранодиорит комплексинен, экин­чиси силур мезгилиндеги кызгылт түстүү гра­нит комплексинен турат. Физикалык-механикалык касиеттери боюнча гранодиорит м-н гранит дубалдын ичи-ты­шын кооздоп каптоого жарамдуу. Блоктордун чыгышы 62%, көлөмү 10–20 м3, оңой кесилип, жакшы сайкалданат. Тактанын чыгышы: ка­лыңдыгы 30 мм болгондо 13,1 м2/м3, 40 ммде 9,9–10,22 м2/м3. Боз гранодиориттин А катего­риясы боюнча запасы 1259 миң м3, В –1499 миң м3, 3 С1–1776 миң м , А+В+С1– 4534 миң м ; кызгылт граниттики А – 452 миң м3, В – 1551 миң м3, С – 2548,6 миң м3, А+В+С –4551,6 миң м3. Барды­гы 10085 миң м3. Кен казылып алынууда. 1996- жылга карата запасы: боз гранодиориттики – А+В+С – 4453 миң м3, кызгылт граниттики – А+В+С – 4416 миң м3.