КАЙРАТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЙРАТ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыштак. Зергер айыл округуна караштуу. Зергер суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1180 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 18 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 68 км. Калкы 1590 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, дарыкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, тегирмен иштейт.