КАЙРАТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЙРАТ – Ош облусунун Өзгөн районундагы кыш­так. Зергер айыл округуна караштуу. Зергер суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1180 м би­йикте жайгашкан. Райондун борбору Өзгөн шаарынан 18 км түштүк-чыгыш тарапта. Кара-Суу темир жол бекетинен 68 км. Калкы 1590 (2022); не­гизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал м-н алектенет. Орто мектеп, китепкана, дарыка­на, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, тегир­мен иштейт.