КАЗЕРТА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЕ́РТА – Италиянын түштүгүндөгү шаар. Кампания облусунун аймагында. Казерта провин­циясынын административдик борбору. Калкы 72,8 миң (2022). Туризмдин борбору. Алгачкы тургун жайы 8-кылым­да пайда боло баштаган. Ак сарай-парк комп­лекси, театр, 5-тектирчелүү 3 ризалиттүү сарай фасады (узундугу 252 м) бар. Комплекстин борбору­нан канал кетип (узундугу 3 км), тоонун этегинде паркка чейин созулуп, Неаполго кетчү жолду кесип өтөт. Анын курамына англиялык ботаник Э. Грэфер уюштурган экзотикалык өсүмдүктөрү м-н өзгөчө кооздук берген парк да кирет. Рези­денцияны суу м-н камсыз кылуу үчүн акведук (1753–69) курулган. Король Фердинанд IV ач­кан жибек фабрикасы кийинчерээк Сан-Леучо чеберлеринин королдук колониясына айлан­ган. Ак сарай, парк, акведук ж-а Сан-Леучо Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Жибек кездеме өндүрүшү, цемент, тамеки, ша­рап, зайтун майын сыгуучу өнөр жай ишканалары иштейт.