КАЗАКОВ Евгений Трофимович
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАЗАКО́В Евгений Трофимович (1936, СССР, РСФСР, Астрахань шаары – 27. 05. 1986, Кыргыз ССРи, Фрунзе шаары) – генерал-майор (1985). 1959-жылы Астрахань балык өнөр жай чарбасы техникалык институтун бүткөн. 1959–1966-жылдарда Астрахань облусунун Икрянск

районундагы С. М. Киров атындагы колхоздо инженер-механик, колхоздун төрагасынын орун басары, инженер-механик, комсомолдун Икрянск райкомунун, Астрахань обкомунун 2-, 1-секретары, 1966–1971-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитетинин кадрлар башмармалыгынын Астрахань облусу боюнча начальнигинин орун басары, 1978–1983-жылдарда мамлекеттик коопсуздук комитетинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1983–1985-жылдарда Кыргыз ССР ички иштер министринин 1-орун басары болуп иштеген.