КАБАРДАЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАБАРДАЛАР (өздөрүн адыге деп аташат) – Кабарда-Балкар Республикасынын жергиликтүү калкы. Россия­нын Краснодар, Ставрополь, Түндүк Осетия аймак­тарында, ошондой эле Түндүк Америка, Батыш Европа ж-а Түштүк-Чыгыш Азияда да жашашат. Жалпы саны 580 миң, анын ичинде Кабарда-Балкарияда 498,7 миң киши (2008). Кабарда-черкес тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери негизинен мусул­ман-сунниттер, моздоктук кабардалар православие ди­нин тутушат. Этностук негизин адыгелер ж-а черкестер түзөт. Кабардалардын ата-бабалары – Түндүк ж-а Түндүк-Батыш Кавказдын байыркы уруулары зих­тер (1–6-кылымдар), черкестер (13–19-кылымдар). Кабардалар 13–15-кылымдарда өзүнчө эл болуп калыптанган. 1557-жылы кабардалар өз ыктыяры м-н орус мамлекетинин курамына

кирген. Негизги кесиби – дыйканчылык ж-а мал чарбачылык. Эркектери нооту черкеска, бурка (кементай), тон, башлык, башына папах кийип, белине күмүш кур курчанып, канжар тагыныш­кан, аялдары шаровар, узун көйнөк кийип, күмүш же алтын кур курчанган. Баш кийимде­ри алтын м-н жасалгаланган. Тамак-ашы – не­гизинен эт, сүт, дан азыктары. Суусундук ката­ры максым кеңири колдонулат.