ИСАЕВ Талантбек Кедейканович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИСАЕВ Талантбек Кедейканович (19. 9. 1966, СССР, Кыргыз ССРи, Кемин району, Кичи-Кемин айы­лы) – милициянын генерал-майору (2009). Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых (1990) жана юридика факультеттерин (1994) бүт-

үргөн. Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинде саясий бө­лүмдүн инструктору (1990–1991), полкто рота командири­нин орун басары (1991), улук инспектор (1993), рота ко­мандири (1993), кадрлар башкармалыгында инспек­тор (1995), Бишкек шаардык ички иштер башкармалы­гында оперуполномочен, улук оперуполномочен (1996–1997), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигине караштуу полк­то штаб начальниги (1997–2004), начальник­тин орун басары (2004), полктун командири (2005), коомдук коопсуздук башкармалыгынын начальниги (2007), мамлекеттик адистешкен күзөт кыз­матынын башкы башкармалыгынын начальни­ги (2008), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министринин орун басары (2009–2011), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин транспорт башкармалыгынын (2011–2012), ошол эле жерде Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын (2012–2014), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын (МАМККК) Башкы башкармалыгынын начальниги (2014–2017), "Манас менежмент компаниясы" ЖАКтын вице-президенти (2017), КР ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Башкы башкармалыгынын начальниги (2017–2020).