ИСАЕВ Талантбек Кедейканович
ИСАЕВ Талантбек Кедейканович (19. 9. 1966, СССР, Кыргыз ССРи, Кемин району, Кичи-Кемин айылы) – милициянын генерал-майору (2009). Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин тарых (1990) жана юридика факультеттерин (1994) бүт-

үргөн. Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинде саясий бөлүмдүн инструктору (1990–1991), полкто рота командиринин орун басары (1991), улук инспектор (1993), рота командири (1993), кадрлар башкармалыгында инспектор (1995), Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында оперуполномочен, улук оперуполномочен (1996–1997), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигине караштуу полкто штаб начальниги (1997–2004), начальниктин орун басары (2004), полктун командири (2005), коомдук коопсуздук башкармалыгынын начальниги (2007), мамлекеттик адистешкен күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын начальниги (2008), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министринин орун басары (2009–2011), Кыргыз Республикасынын Ички Иштер министрлигинин транспорт башкармалыгынын (2011–2012), ошол эле жерде Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгынын (2012–2014), Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын (МАМККК) Башкы башкармалыгынын начальниги (2014–2017), "Манас менежмент компаниясы" ЖАКтын вице-президенти (2017), КР ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын Башкы башкармалыгынын начальниги (2017–2020).