ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИ́Т – кыймылсыз мүлктү – жерди‚ өндүрүштүк курулманы ж-а турак жайды күрөөгө коюу м-н берилүүчү узак мөөнөттүү ссуда. Ипотекалык кредит Байыркы Грекияда б. з. ч. 6- кылымда пайда болгон ж-а 19-кылымдын ортосунан адистештирилген институттар – ипотека банктары‚ айрым өлкөлөрдө – коммерциялык‚ айыл чарба ж-а башка банктар тарабынан берилүүчү банк ипотекалык кредити тараган. Алардын ссудалары боюнча проценттик чендер карызкордун финансылык абалына жараша жиктелет. Классикалык ипотекалык кредит бар кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну билгизет. Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн, ошол мүлктүн өзүн күрөөгө коюп, кредит алуу көбүрөөк учурайт.