ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИ́Т – кыймылсыз мүлк­тү – жерди‚ өндүрүштүк курулманы ж-а турак жайды күрөөгө коюу м-н берилүүчү узак мөө­нөттүү ссуда. Ипотекалык кредит Байыркы Грекияда б. з. ч. 6- кылымда пайда болгон ж-а 19-кылымдын ортосунан адис­тештирилген институттар – ипотека банктары‚ ай­рым өлкөлөрдө – коммерциялык‚ айыл чарба ж-а башка банктар тарабынан берилүүчү банк ипотекалык кредити тараган. Алардын ссудалары боюнча про­центтик чендер карызкордун финансылык аба­лына жараша жиктелет. Классикалык ипотекалык кредит бар кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуну билгизет. Кыргызстанда кыймылсыз мүлк сатып алуу үчүн, ошол мүлктүн өзүн күрөөгө коюп, кредит алуу көбүрөөк учурайт.