ИОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
И́ОНИЯ ФИЛОСОФТОРУ – б. з. ч. 6–4-кылымдарда Кичи Азиянын батышындагы Иония аймагынан чыккан философтор: Фалес, Анаксимандр, Анаксимен Милетский, Гераклит Эфестик, Диоген Аполлониялык. Негизги идеяларынын бири – чыныгы дүйнөнүн бирдиктүү маңызы, бардык нерселердин кандайдыр бир алгачкы башталмадан (суу, аба, от) пайда болушу жөнүндөгү ой. Булардын философиясына гилозоизм мүнөздүү.