ИОАНН СКОТ ЭРИУГЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИОА́НН СКОТ ЭРИУГЕ́НА (Iohannes Scotus Eriugena) (810-жыл чен – 877-жыл чен) – адепки схо­ластиканын өкүлү, теги-ирланд. 851-жылы «Ку­дайдын жазмышы тууралуу» теологиялык эмгек жа­зып, анда Готшалктын «кош жазмыш» жөнүндөгү (бирөөнү – сактаган, башкасын – айыптаган) окуусун жокко чыгарган. Анын ырастоосунда: Кудай жакшыны гана ойлойт, жакшылыкты гана жаратат. Ал эми жамандык болсо Кудай­дын ак жаратканынын баркын кетирүү; күнөө ж-а өлүм адамдын өзүн өзү Кудайдан алыста­туусу, ал эми жазалануу – «өзүн өзүн өлтүрүүчү» күнөөнүн табигый ж-а айныксыз натыйжасы. Жамандык Кудай тарабынан алдын ала анык­талган эмес. Жамандык – адамдын ыйманынын ж-а пейилинин бузулгандыгынан улам жарал­ган нерсе. Бул эмгегинде адам тагдыры Кудай тарабынан алдын ала аныкталса, анда адам­дын өмүрүндө кездешүүчү турмуштук кыйын­чылыктар да алдын ала аныкталганбы деген суроого жооп издеген. Иоанн Скот Эриугена схоластика фи­лософиясындагы башкы маселе болуп саналган универсалийлер тууралуу талаш-тартышка чы­йыр салган. Философиялык ой жүгүртүүнүн «схоласти­ка» деп аталган жаңы методун түзгөн да, фило­софиянын тарыхында «схоластиканын атасы» катары калган. Иоанн Скот Эриугена үчүн эң башкы аброй­луу булак Библия болуп, «Схоластиканын ата­сы» аны «чындык менен акыйкаттын жашы­руун сыры катылган кенч» деп атаган. Схолас­тика үстөмдүк кылган төрт кылым бою хрис­тиан философтору Иоанн Скот Эриугенанын «акылдын жар­дамы менен Кудайдын керемет сырларын ач» деген керээзин кылдаттык м-н аткарышкан. «Жаратылыштын бөлүнүшү тууралуу» деген эм­гегинде Кудай дүйнөнүн башаты ж-а аягы бо­луп саналат деген принципке таянуу м-н, та­биятты төрт деңгээлге бөлүшү, анын философиясына пантеисттик мүнөз берген. Чиркөө тара­бынан анын чыгармалары күнөөлөнүп, 1225-жылы толугу м-н четке кагылган, анын «Табияттын бөлүнүшү тууралуу» эмгеги 1684-жылы «тыюу салын­ган китептердин» катарына киргизилген.