ИНФАНТИЛИЗМ
ИНФАНТИЛИ́ЗМ (лат. infantilis – балалык) – организмдин өсүшүнүн кечеңдеши; чоң кишинин дене түзүлүшүндө ж-а психикасында балдарга мүнөздүү белгилердин сакталышы. Инфантилизмге жугуштуу оорулар, уулануу, мээ, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары, ички секреция бездеринин жабыркашы, ошондой эле сапатсыз тамактануу, гигиеналык начар шарттар ж. б. себеп болот. Ал жалпы (бүт организмдин өспөй калышы) ж-а толук эмес (айрым органдардын, системанын жетилбей калышы) болуп бөлүнөт. Жалпы инфантилизмде дене түзүлүшү балдардыкына окшош назик, сөөктөрү ичке, жүрөгү кичине, кан басымы төмөн болуп, экинчилик жыныс белгилери начар өөрчүйт. Толук эмес инфантилизмге психикалык ж-а жыныс инфантилизми кирет. Психикалык инфантилизмде мүнөзү туруксуз болуп, ишенчээк, таарынчаак, ой жүгүртүүсү тайкы, капарсыз, бала кыял, өзүмчүл келет. Жыныстык инфантилизмге аялдарда экинчилик жыныс белгилери - эмчеги, жатыны өөрчүп жетилбей, жамбашы кууш болот, айызы такай келбей, көбүнчө төрөбөйт же боюнан көп түшөт, жатындан тышкары бойго бүтөт. Жыныстык инфантилизм аялдарга караганда эркектерде азыраак жолугат. Дарылоо аны пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт. Алдын алуу үчүн гигиеналык жакшы шарт түзүү, сапаттуу тамактануу, дене тарбия м-н машыгуу, балдарды лагерге, санаторийге жиберүү, ошондой эле, ага түрткү болуучу ооруларды убагында дарылоо зарыл.