ИНАУГУРАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИНАУГУРА́ЦИЯ (англ. inauguration, лат. ina- gurо – жарык кылуу, арноо, ардактоо, түшү­нүктүү кылуу) – бир катар өлкөлөрдө жаңы же кайра шайланган мамлекет башчысынын кыз­матына киришүү алдында өткөрүлгөн салтанат­туу ант берүү аземи. Парламент алдында прези­денттин ант берүүсү (конституцияга, айрым өл­көлөрдө Библияга же Куранга) инаугурациянын өзөктүү моменти, конституциялык маанидеги акт бо­луп эсептелет. Ант бергенден кийин президент кызматына киришти деп табылат. Кыргызстанда алгачкы инаугурация 1990-жылы А. Акаев Президент болуп шайлан­гандан кийин өткөзүлгөн. КРдин Президенти Жогорку Кеңештин депутаттары, КРдин Кон­ституциялык, КРдин Жогорку сотторунун судьялары, Өкмөт мүчөлөрү, КРдин Президен­тинин администрациясы ж-а КРдин Өкмөтү­нүн аппарат кызматкерлери, облустук, райондук мамлекеттик администрация жетекчилери, борбордук, мамлекеттик ор­гандардын, мамлекеттик ишканалардын ж-а коомдук уюмдардын, коомдук палатанын ж-а КР калкы­нын ассамблея жетекчилери, дипломатиялык корпустун ж-а эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, элдик партия өкүлдөрүнүн, ошондой эле жалпы элдин ал­дында оң колун КРдин Конституциясына коюп, Кыргызстандын элине ак ниеттен кызмат кылууга салтанаттуу түрдө ант берген соң, мамлекет баш­чысына КР Президентинин күбөлүгү ж-а моюнга илме чынжырлуу лента белгиси тапшырылат.