ИЛЬЯСОВ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЛЬЯСОВ Сатар (28.8.1908, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы – 31. 3. 1987, Бишкек) – тарыхчы, этнограф, тарых илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), Кыргыз ССР ИАнын акаде­миги (1969; корреспондент-мүчө, 1960). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатын­дагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975). 1938-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. 1939– 44-жылдарда Ысык-Көл райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инс­пектору, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим, кафедра башчысы, декан, 1944–65-жылдарда

Кыргыз ССР ИАнын

тарых институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы, директор, илимий кеңешчи, 1966–77-жылдарда Кыргызстан КП БКнын партиянын тарыхы институтунда ди­ректор болуп иштеген. Кыргызстандагы агрардык масе­леге, Ысык-Көл кыргыздарынын этнографиясын изилдөөгө арналган 100дөн ашык илимий эмгектин автору. 3 «Ардак Белгиси», Эл достугу орденде­ри м-н сыйланган.