ИЛЬЯСОВ
ИЛЬЯСОВ Сатар (28.8.1908, Ысык-Көл району, Тору-Айгыр айылы – 31. 3. 1987, Бишкек) – тарыхчы, этнограф, тарых илимдеринин доктору (1967), профессор (1968), Кыргыз ССР ИАнын академиги (1969; корреспондент-мүчө, 1960). Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1970). Кыргыз ССРинин илимге эмгек сиңирген ишмери (1975). 1938-жылы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун бүткөн. 1939– 44-жылдарда Ысык-Көл райондук элге билим берүү бөлүмүнүн инспектору, Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунда мугалим, кафедра башчысы, декан, 1944–65-жылдарда

Кыргыз ССР ИАнын
тарых институтунда кенже илимий кызматкер, сектор башчысы, директор, илимий кеңешчи, 1966–77-жылдарда Кыргызстан КП БКнын партиянын тарыхы институтунда директор болуп иштеген. Кыргызстандагы агрардык маселеге, Ысык-Көл кыргыздарынын этнографиясын изилдөөгө арналган 100дөн ашык илимий эмгектин автору. 3 «Ардак Белгиси», Эл достугу ордендери м-н сыйланган.