ИЛБЭЭСИН
ИЛБЭЭСИН – эт, мамык алынуучу жапайы куштардын жалпы аты, аңчылык объектиси. Жашаган жерине жараша токой (кара кур, ак чил ж. б.), талаа (боз чил, бөдөнө, кыргоол, тоодак, безбелдек ж. б.), саз (эчки маарак ж. б.), суучул (өрдөк, каз ж. б.), тоо (улар, кекилик ж. б.) илбээсиндери болуп бөлүнөт. КМШ өлкөлөрүндө илбээсиндин 170 түрү (13 түркүмгө биригет) бар. Кыргызстандагы эң маанилүү илбээсиндер: каз, өрдөк, улар, кекилик, чил, кереңкур, бөдөнө, кыргоол ж. б. Өлкөдө токой ж-а дың жерди өздөштүрүү, саздак жерди кургатуу, айыл чарбасын химиялаштыруу ж. б-га байланыштуу илбээсиндердин саны азайып кеткендиктен, аларды көбөйтүү максатында коруктар уюшулган. Айрым илбээсиндерди (кекилик, чил, кереңкур ж. б.) өстүрүүчү атайын ферма, питомниктер бар, к. Аңчылык, Аңчылык чарбасы.
Ад.: Птицы Советского Союза. Т. И-6. М., 1951– 54; Птицы СССР. М., 1982; Шукуров Э. Д. Птицы Киргизии. Часть I, II. Ф., 1981.