ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ
ИЙКЕМДҮҮ ВАЛ – бурулууга туруктуу, бирок жакшы ийилүүчү вал. Ал иштөө убагында бири бирине болгон абалы өзгөрүп турган окторго айлануу ж-а толгонуу моменттерин өткөрүүдө колдонулат. Зымдан жасалган ийкемдүү вал кайсы багытта болбосун ийкемдүү иштейт. Ал бир нече зым катмарларынан чыйратылып жасалган валдан турат, анын уч жагында кыймыл бергичке туташтыруу үчүн арматура (патрон) болот. Валдын сырт жагы урунуудан сактоо ж-а майлоочу майды кармап туруучу ийкемдүү соот (броня) м-н капталат. Ийкемдүү вал оңго ж-а солго айлануучу болуп бөлүнөт, себеби вал айланганда зымдын сырткы катмары чыйралып турушу керек. Зымдан жасалган ийкемдүү вал механикалаштырылган кол аспаптарда ж-а приборлордо (мисалы, тиш дарылоочу бор машинасында ж-а жүн кыркуучу машинада) орнотулат. Айрым учурда (мисалы, көп корпустуу буу турбиналарында) бири-бири м-н шарнирдүү туташтырылып, кыска звенодон турган, сырты капталган шарнирдүү ийкемдүү вал пайдаланылат.