ИЗОБАРА ПРОЦЕССИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ИЗОБА́РА ПРОЦЕССИ – физикалык системада сырт­кы турактуу басым шартында өтүүчү термодинамикалык процесс. Ал термодинамикалык диаграммада изобара м-н сүрөттөлөт. Ачык идиште суунун кайнашы, кыймылдуу поршендүү цилиндрдеги газдын ке­ңейиши (кысылышы) изобара процессине жөнөкөй мисал. Эки учурда тең басым атмосфера басымына бара­бар. Туруктуу басым астындагы газдын көлөмү­нүн температурага көз карандылыгы Л. Гей-Люссак тарабынан аныкталган. Берилген массадагы газдын көлөмү турактуу басымда температуранын жогорулашы м-н сызыктуу өсөт, башкача айтканда V/T=const, p=const, m= const. V1, T1 ж-а V2, T2 маанилери м-н мүнөздөлгөн эки абал үчүн изобара процесси төмөнкүчө жазылат: V1/V2 =T1/T2. Өтө төмөн температурада (–73°Сге жакын) Гей-Люссак закону аткарыл­байт. Изобара процессинде системанын жылуулук сыйым­дуулугу анын турактуу көлөм кезиндеги маанисинен чоң: С С =k, мында С ж-а С – изобара ж-а изохора процесстериндеги бир бөлүкчөгө туура келген жылуулук сыйымдуулуктары. Изобара процессинде идеалдуу газдын жасаган жумушу p.∆Vга барабар, мында p – басым, ∆V – газ көлө­мүнүн өзгөрүүсү.